«Апам каза болгондон кийин агамдын үйүнө батпай калдым» дейт 4 баласы менен автобекетте жашаган эне

Бул жолу биздин телеканалга 4 баласы менен борбор калаанын батыш автобекетинин жүргүнчүлөрдү күтүү залында жашап жаткан Гүлбахор Каримова кайрылды. Каарманыбыз аларды батир ээси батирдин акчасын төлөй албай калганы үчүн чыгарып койгонун айтат. Мындан улам, ал балдарына кошуп жууркан-төшөгүн жанына көтөрүнүп автобекетте күн кечирүүдө. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 02 04 08.

«Ажырашкандан кийин апам каралашчу. Байкемдин үйүндө турчубуз. Апам каза болуп калганына 3 ай болду. Апаң жок бир тууганыңдын үйүнө да батпай калат экенсиң. Агамдын 4 баласы бар. Менин 4 балам менен бир үйгө батып жашоо оор экен. Балдар урушса, чыр чыгат экен. Бала менен көчөдө калган оор экен. Бизди көргөн байкелер суу алып берип, жардам берип жатышат. Башка айлам жок. Азыр батирге, тамак-ашка муктаж болуп жатабыз»,- деди эне.