«Апам мени кыйнап турмушка берип, нике кыйылган соң, «ачуу басар кечикти» деп ызы-чуу салган» дейт келин

“Тагдыр” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы – 30 жаштагы Гүлсина Тагайбек кызы. Анын ата-энеси 2-3 жашында эле ажырашып кетишкен. Турмуш деп жүрүп мектепке да барган эмес. 15 жашында апасынын мажбурлоосу менен турмушка чыкканын айткан келин «окуядан кийин апама таарынычым бар» деп тагдырын баяндады.

«Апам эмне үчүн мындай кылганын билбейм. Бала кезимден эле жакшылык көргөн эмесмин. Ала качып кетишти. Аялдар кыйнап отургузушту. Эртеси нике кыйышты. Анан апам чалып, «эмне ачуу басар кечигет» деп ызы-чуу салды. 10 миң сом акча, 1 кой, 2 коробка таттуулар менен эле отуруп калышты. Апама «күйөөгө берип жатканда мени аябасаңыз да, ден соолугумду аяп койсоңуз болмок» деп айттым. Апам азыр деле өзүнүн турмушу менен. Жашагым келбей, айла жок жашачумун. 3 жыл жашадык. Өзүм теңдүү кыздардан, кошуналардан уялчумун. Мен жашабайм деп, өзүмө кол салган күндөрүм болгон. Керек болсо, өзүмө бычак сайгам», — дейт ал.