«Апамдын, байкемдин көзүнчө бетиме түкүрүп, чаап жиберди» дейт белгилүү журналисттин токолумун деген келин

Биздин редакциябызга 27 жаштагы Азима Тынымсейитова аттуу келин кайрылган. Ал өзүн «белгилүү журналисттин экинчи аялымын» деп тааныштырып, учурда кичинекей ымыркайы менен көчөдө калганын айтат.

«Бул адам менин бүтүндөй жашоомду бузуп койду. Азыркы акыбалымды айтып жеткире албайм. Ал адам азыр эч нерсе болбогондой жүрөт. Буга чейин турмушка чыккан эмесмин. Убагында жакшы көрдүм. Эл акчанын аркасынан чуркаган деп жатат. Мага анын кызыма көңүл буруусу керек болчу. Биз жашап жүргөн батирди жакшынакай болуп жашап жүргөндө эле сатып салыптыр. Мага аны айткан эмес. Мага келинчегин алып келип, «сен үйдөн чыкпагандай кимсиң?» деди. Мен да бир топ сөз айтып ийдим. Менин бетиме түкүрүп, башка-көзгө чапкылап жиберди. Ошол жерде менин байкем менен апам бар болчу. Буга чейин да аябай сабачу», — деди ал.