Чүйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаштагы кыз эшиги бекилип калган үйдө калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин биринде бекилип калган эшигин ачып берүү жөнүндө чакыруу келин түшкөн. Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылып, атайын куткаруу шаймандарынын жардамы менен эшикти ачып 10 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды апасына өткөрүп беришкен. Үй ээсинин айтымында, ал азык-түлүк алуу үчүн жакынкы дүкөндөрдүн бирине барып келгенден кийин батирге кире албай калган. Медициналык жардамга энеси жана кызы муктаж болгон эмес.