Ар экинчи жаран гана жаңы паспортто «улуту» деген графаны көрсөттү

Бир айдын ичинде өлкөдө 20 миңге жакын жаран ID паспорт алышып, алардын ичинен 10 миңден ашууну «улуту» графасын көрсөтүштү. Буга чейин 15-декабрдан баштап негизги инсандык документке бир топ талаш жаратып келген «улуту» деген графаны киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон эле. Жарандын каалоосу боюнча мындан ары паспортко «улуту» деген графаны көрсөтүүгө, көрсөтпөй коюуга да болот.

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү ID-карта 2017-жылдан тартып бериле баштаган. Анда жарандын улуту тууралуу маалымат картанын бетинде көрсөтүлбөй, андагы электрондук чипте болчу.