«Арам ишке барышты». Депутат сүйүшкөндөр күнү шайтандын майрамы экенин айтты

«Кечээ, 14-февралда Кыргызстанда тарыхыбызда болбогон, салтыбызга туура келбеген Сүйүшкөндөр күнү деген майрам болуп өттү». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.

«Бул шайтандын майрамы. Канча жаштар арам, жаман ишке барышты. Канча жигиттердин чөнтөгүнө зыян болду. Сүйүшмөк тургай кечээ канчасы урушту. Мен 2001-жылдын 14-февралында үйлөнгөм. Валентин күнүнүн В тамгасы да жок болчу. Жокко чыгаруу керек», — деди ал.