Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда. Ага министрлик тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Ал эми жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста бышып, ички базарга чыгуусу күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы бышкан сарымсак дагы жакынкы күндөрү сатыла баштайт. Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Галдарбек Мадалиевдин айтымында, райондо алгач капуста бышып экспортко кетсе, андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас бышып сыртка сатыкка кетет. Биздин өлкөдө бышкан капуста негизинен Казакстан менен Орусияга экспорттолот.