Abank july
SerepTV Logo

Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады

Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады
Социалдык тармактарда Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады. Видеонун 5-январда саат 03:50 чамаларынан 05:30 чамаларына чейинки убакытта тартылганын көрүүгө болот. Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады.