Арстан Алайдын сөөгү Бишкекте жерге берилери маалым болду

Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады.