Артем Новиковдун атасы Эдуард Новиков көз жумду

Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артем Новиковдун атасы көз жумду.

Буга чейин ЖМКлар Эдуард Новиков деңиз капитаны болгонун жана көптөгөн өлкөлөрдү кыдырганын, бирок уулу төрөлгөндө ал жумушун алмаштырганын жазып чыгышкан.

SEREP MEDIA маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.