Түркиядагы зилзаладан каза болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы жана дин кызматкерлери катышкан. Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырылган.
“Маалымат иретинде айта кетсек, маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө элек болгонун айылдаштары айтты”, — деп айтылат маалыматта.