Арзымат Алдаяров: «Бишкек ЖЭБдин газ менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар»

Бишкек ЖЭБдин газ менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда “Газпром Кыргызстан” ишканасынын экономика жана каржы директору Арзымат Алдаяров жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, газга өтүүнүн эки ыкмасы бар. Эгер Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилинде гана газга өтүп, жаз-жай айларында көмүр менен иштей турган болсо, 395 миллион куб метр көлөмдөгү газ керектелет. Эгерде жыл бою газды колдонууга өтсө бул көрсөткүч 520 миллион куб метрге жогорулайт.

Алдаяров учурда ЖЭБде газ казандары бар экени, келечекте газ бөлүштүрүүчү “Бишкек – 1” жана “Бишкек – 2” станциясы ишке киргизилерин кошумчалады.

“Биз ЖЭБ – 1 жана ЖЭБ – 2ге газды транспорттоого өтүүгө даярбыз. Бишкек ЖЭБдин толук түрдө газ  менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар”, — деди ал.

Учурда 1 000 куб газдын баасы 150 долларды түзөт.