Бишкек мэриясы «Асанбай» паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын белгилейт.
Бүгүнкү күндө «Бишкек башкы архитектура» ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал курулуш нормалары жана эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат. Учурда сейил бак эски аттракциондор алынгандан кийинки курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул парктын аймагында көп кабаттуу турак жайларды куруу планда жок.