Асел Чынбаева: «Барган сайын балдар жана аялдар, кээде эркектер, зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп баратышат»

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева кечээ, 5-апрелде «Кыргыз Республикасындагы улуттук деңгээлдеги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштыруу» аталышындагы тегерек столго катышты.

Борбордук Азиядагы БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарада Асел Чынбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү уланып жатканын белгиледи. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалагандай, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коомдун негизги бирдиги катары үй-бүлөнүн жашоосунун негиздерине гана доо кетирбестен, коомдун өзүнүн коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Барган сайын балдар жана аялдар, ошондой эле кээде эркектер, зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп баратышат. Ошондой эле, Асел Чынбаева бул тегерек столдун маанилүүлүгүн белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы эффективдүү саясат мамлекеттик түзүмдөр менен жалпы коомчулуктун өз ара кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү шартында гана мүмкүн болорун белгиледи.