Ашууларда кар жаап жатат (видео)

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар. Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.

Транспорт министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.