Ашыкча жүк жүктөп асфальт жолго чыккан унааларга айып пул салынып жатат (видео)

Ашыкча жүк жүктөп, асфальт жолго чыккан унаалар токтотулуп, айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Күн мурда Ат-Башы транспорттук көзөмөл пунктунда инспекторлор тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды. Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан транспорттордун айдоочуларына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, айып пул салынды. Алардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул жазылып, андан тышкары жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 36 миң сом төлөтүлдү«, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17 миң 500 сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат. Министрлик таразанын негизги максаты элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө болуп саналарын белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.