Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу журналисттерге анын тарапташы Болот Жанузаков билдирди.
Маалыматка караганда, ал уулу Илим менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен.
Эске салсак, Аскар Акаев 2-августта Кыргызстанга келгени маалым болгон. УКМК анын Кыргызстанга алып келингенин айткан. Ошол эле күнү мурдагы президент журналисттерге тергөө менен кызматташууга жана өлкөгө бир жумага келгенин билдирген.