Аскат Мусабековдун «Сагынам» ырын созгонуна Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин реакциясы

Кечээ, 18-июлда президент Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Форумдар сарайында өткөн ачылыш аземине эки лидердин жубайлары да барышты. Программанын алкагында жогорку даражалуу меймандар үчүн гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну, ошондой эле Нурдин Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланды, Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.