Аскерге чакыруу алган Орусиядагы кыргызстандыктар тез арада элчиликке кайрылышы керек

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же аскердик операцияларга катышуудан сактануусун эскертти. 

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө келишимине кол койгон чет элдиктердин орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн алуусун караган мыйзам актыларын кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, кыргызстандыктардын чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусу мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Кыргыз Республикасынын жарандары кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу алган/кабыл алган учурда, элчилик Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт», — деп айтылат билдирүүдө.