Аскерлерин сактап калуу үчүн тажик тараптын курчоосунда калган видеодогу жоокер тирүү

Социалдык тармактарда аскерлерин сактап калуу үчүн тажик тараптын курчоосунда калган жоокердин видеосу тараган. Анын буга чейин элге тарап кеткендей Гүлжигит Бектенов эмес экени айтылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине видеодогу анын агасы Адилет Санарбек уулу экенин иниси тастыктады.

«Видеодогу менмин деп агам ырастады», — деди иниси.

Адилет Санарбек уулу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап кармап алган 4 чек арачыны бошотуп чыккандардын бири.

Буга чейин редакцияга кыйнап өлтүрүлгөн Гүлжигит Бектеновдун жакындары видеодогу Бектенов экенин айтышкан.