Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Учактын алгачкы каттамын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты. Жаңы учак менен 80 жүргүнчү келди.
Ата мекендик авиакампаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, өлкө борборунан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти. Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады. Мындан ары жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.