Асылбек Жээнбеков кызын Акылбек Жапаровдун уулуна турмушка узатып жатат (видео)

Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте депутат Асылбек Жээнбеков кызын узатып, той өткөрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кызы Бегимайды узатуу Асылбек Жээбековдун борбордогу кичи райондордун бириндеги батиринде өтүп жатат. Ошондой эле, анын батиринен түштөн бери музыка чыгып жатканы, ал эми эшигинин алдында кымбат унаалардын турганы, кире беришинде кароолчулардын кайтарып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун күйөө баласы Максат — Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулу. Кыз узатуу тойго Акылбек Жапаров да катышып жатканы, анын кызматтык унаасы үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайда турганы маалымдалды.