Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга өткөрүлдү

Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда 21 мектеп бар.

Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.