Фестивалдын көшөгөсү Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 40 окуучусу аткарган “Маш ботой” күүсү менен ачылып, улуттук баалуулуктардын көргөзмөсү жана сынагы менен коштолду. Бишкек шаарынан Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестри барып концерттик программа тартуулап, фестивалдын көркүнө көрк кошту. Театралдаштырылган оюн-зоок жана улуу кыргыз көчү көрсөтүлдү. Иш чарада ондогон боз-үйлөр тигилип, алты бакан, селкинчек жана башка бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду. Көз жоосун алган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.
«Кымыз» сынагынын жеңүүчүлөрү:
“Ак бал” — Ат-Башы айыл өкмөтү акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
Фестивалда улуттук тамак-аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөдөн орун алды. Суусундуктардан сырткары унутта калган “Калменте”, “Жан азык» жана башка ата-бабалардын жол азыгы болуп келген токочтор жана эт азыктары меймандарды таң калдырды. Улуттук тамак-аш көргөзмөсүндө 1-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү 15 миң сом, 2-орун Ак-Моюн айылы 12 миң сом, ал эми 3-орунду Казыбек айылы 8 миң сом менен сыйланды.
Сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө 7 жаштан 25 жашка чейинки 11 улан-кыз катышып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын кагаз бетине түшүрдү. Ал эми кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турусбековдун эмгектери көргөзмөдөн орун алып, жаш сүрөтчүлөргө дем берди. Соңунда алардын чыгармачылыгы бааланып, ар бирине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Фестивалдын жүрүшү улуттук оюндар менен өттү. Анда кыргыз күрөш, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча балбандар күч сынашып, алдыңкылар акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми командалык эсепте 1-орунду Баш-Кайыңды айылынын азаматтары камсыздашты.