«Ата, сизди сагындым». Ноокатта аял окуучу кызынын жансыз денесин ооруканага алып барган

Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы окуучу өз үйүнөн асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагынын тургуну 15 жаштагы кыздын үйүндө өзүн-өзү асып каза болуп, апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келгендиги боюнча дарыгер милицияга кабарлаган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Гулистан айыл аймагынын Бостон айылынын тургуну, ошол эле айылда жайгашкан Хужамов орто мектебинин 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган кыз үйүнүн дубалына «Ата, сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып каза болгон.

Маркумду 23-май күнү саат 16:00 чамасында апасы көрүп калып, ошол замат жибин чечип, Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган. Жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок маркумдун апасы жана жакын туугандары болжол менен 35 адам маркумдун жансыз денесин жандандыруу бөлүмүнөн алып чыгып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага алып баруудан баш тартышты. Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.