«Атам каза болгондон кийин ооруп калдым, боюмда да бар болчу. Күйөөм сабап, башымды жарып салды» дейт келин

SUPERTV бул жолу 39 жаштагы жалгыз бой эненин тагдырын баяндайт. Каарманыбыз эки ирет турмушка чыгып, эки жолу тең жолу болгон эмес. Ал учурда мурда дүкөн катары пайдаланылган жайды үй кылып, 5 баласы менен күн кечирип жатат. Келиндин Бишкекке көчүп келгенине 3 айдын жүзү болду. Бирок мектеп курагындагы балдары али мектепке барыша элек. Мунун бир себеби балдарынын документи болсо, экинчиси акча маселеси. Жалгыз бой эненин балдарынын мектепке кийип барганга бут кийими да жок. Биринчи жолдошунун кайын журту «же аялыңды танда же бизди танда» деген тандоо койгонунан эки жолго түшкөнүн айтат. Ал эми экинчи жолдошу кызганчаак жана кызыл камчы болуп чыкканын баяндап берди.

«Бир жылдан кийин кайра турмушка чыктым. Эки кыз, бир уул төрөдүм. 11 жыл жашадык. Ортобузда түшүнбөстүк көп болду. Кызганчаак болду. Же туугандар менен катташтырбайт, же өлүм-житимге жибербейт. Кол көтөрдү. Ошонун айынан оорукчан болуп калдым. Атам өтүп кеткенде катуу оорудум, боюмда да бар болчу, жумуштан келип эле «атаң өлгөндөн бери ушундай» деп урушуп кеттик. Мени урду. Сабады. Кызымды кошо урду. Башым жарылып кеткен. Ошондон кийин көп ооручу болуп калдым. Балдарымды апама таштап, Москвага кетип калдым», — деди ал.