«Атасынын унаасын сурабай айдап кеткени үчүн урушуп койгом». Чүйдө 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

Чүйдө 13 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда Жайыл РИИБге 1990-жылы туулган аял киши кайрылып, 2009-жылы туулган баласы 25-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү жүрүп баштаган.

Көрсөтмө берүү учурунда баланын апасы жолдошу Орусияда иштеп жүргөнүн айтып, уулу ошол күнү баласын атасынын унаасын сурабастан айдап кеткенин угуп, урушуп койгонун айткан. Уулу таарынып, үйүнө барбай койгон. Апасы милицияга кайрылган учурда жакындары баланын жансыз денесин табышкан. Ал шаардын четиндеги турникке асынып алган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.