Автобус жууп иштеген айым: «Чайналган сагызды ар кайсы жерге чаптап кетишет»

Автобустар каттамдан келгенден соң сөзсүз түрдө жууп-тазаланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришип, видео менен бөлүшүштү.

Анда пол жууп иштеген айым автобуста чайналган сагызды ар-кайсы жерге чаптабоону суранат. «Топурак болсо эч нерсе эмес, ичкен тамактарынын калдыктарын таштап кетишет»,- дейт ал.