«Аял балдарынан өзүнчө жашачу». Свердлов райондук соту Жанар Акаевге жооп берди

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бир күн мурун депутаттар тобу менен СИЗО-1ге барып, 3 балалуу энеден кабар алганын, ал 6 миң сом уурдаганы үчүн камакта экенин белгилеген. Ошол эле учурда соттук отурумдар тынымсыз жылдырылып жатканын айтты.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, 27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоо, жалпы суммасы 17 миң сомдук мүлктү уурдоо боюнча айыптоо менен сотко келип, сот 4-ноябрга белгиленген.

«Бул кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан 26-сентябрда козголгон. 10-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы айыпталуучуну Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө, башкача айтканда 8-ноябрга чейин камакка алган. Баш коргоо чарасын кароо учурунда айыпталуучунун өздүгүн тастыктаган документи жок болуп, ага байланыштуу камакка алынган. Баш коргоо чарасын белгилөө чечими даттанылган эмес. Жанар Акаев айткан соттолуучунун үч баласынын экөө жашы жете элек жана ажырашкандан кийин атасы менен чогуу жашап жашашат, ал эми аял алардан өзүнчө жашаган», — дешти.