«Аялдарды жана балдарды коргоо өлкөдө башкы милдет болбой жатат». Укук коргоочу президентке кайрылуу жасады

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылынын негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова аялдардын, балдардын кордолушу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

— Тилекке каршы, аялдарды жана балдарды коргоо өлкө үчүн, өлкө башчысы үчүн, ошондой эле ар бир министр үчүн эӊ биринчи катардагы милдет деп эсептелбей жатат. Алсак, мамлекет башчысы катары кызматка киришкенден бери сиздер тарабынан институционалдык деӊгээлде дагы, стратегиялык деӊгээлде дагы конкреттүү жана натыйжалуу чаралар кабыл алынган жок. Өлкө эки жылдан бери гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегиясыз жана ага карата Улуттук плансыз жашап жатат.

Министрлер кабинетинин түзүмү өзгөргөндөн бери Аялдардын иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеӊештин бир дагы жыйыны болгон жок.

Жогорку Кеӊеш Министрлер кабинетинин демилгеси боюнча 2022-жылдын июлунда мыйзамсыз чечим кабыл алды: парламенттин токтому менен үч окууда кабыл алынган Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясы артка чакыртылды. Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясы балдарды зомбулуктун бардык формаларынан коргоонун натыйжалуу механизмдерин камтыйт, ошондой эле социалдык кызматтар жана мигрант ата-энелердин балдарына мониторинг жүргүзүү аркылуу биздин балдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылмак.

Сиз 2021-жылдын декабрь айында журналисттер менен жолугушуу учурунда Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясына кол коё тургандыгыӊыз жөнүндө элге ачык сөз бергенсиз, бирок ал ишке аша элек. Өлкө эки жылдан бери балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча аракеттер планысыз жана төрт жылдан бери – балдар үчүн юстиция мамлекеттик программасыз жашап жатат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине республиканын бардык райондорунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну уюштуруу үчүн социалдык кызматкерлердин 500 бирдигин бөлүүгө, калкка маалымат берүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө 25 миллион сом бөлүүгө сөз берилген. Бирок бул суроо бүгүнкү күнгө чейин чечилген жок.

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн  бир гана муниципалдык борбор иштейт. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик ТВ, радио каналдардын, билим берүү системасынын, Маданият министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыкка ээ эмес. Жакырчылык, жумушсуздук, эмгек миграциясы, алкоголизм, наркомания сыяктуу социалдык көйгөйлөр үй-бүлөлөрдөгү зомбулук тобокелчилигин жогорулатууда.

Мына ушундай жагдайда, вице-премьер-министр жана премьер-министр биздин өлкөнүн беделин түшүрбөө жана туристтерди коркутпоо үчүн аялдарга жана балдарга карата зомбулук жөнүндө маалыматтарды чыгарбоого чакырды. Буга жооп катары белгилей кеткибиз келет, зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн аны таануу, талкуулоо жана коомдун бардык секторлорун тартуу менен аны чечүүнүн үстүнөн иштеш керек. Аялдар жана балдар үчүн алар өз күйөөлөрүнөн, ата-энелеринен коркпой жашаган, көчөгө тынчсызданбай баса турган коопсуздукту камсыз кылуу зарыл, ошондо гана ММКдагы басылмаларга сарсанаа болбой эле койсо болот.