Аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш «согушка каршыбыз» деген чакырык менен өттү

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш «согушка каршыбыз» деген чакырык менен өттү.

Жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын биринин айтымында, Украинадагы согуш баардыгына тиешелүү. Уюштуруучулар катышуучулардан желектерди жана мамлекеттик башка улуттук символикаларды алып салууну суранышты. Акциянын катышуучулары «элдин кызыкчылыгындагы адилеттүү тынчтык орнотулушун колдойбуз» дешти. Ошондой эле катышуучулар «Согушка жол жок!», «Аялдын укугу — адамдын укугу», «Аялдар тынчтык үчүн», «Зомбулук бул салт эмес» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Жөө жүрүш бардык согушта каза болгондорду эскерүү мүнөтү менен аяктады.

Бул жолку жөө жүрүш “Тынчтык! Март! Марш!” деп аталып, ал «Россия» кинотеатрынан башталып, Революция баатырларынын эстелигине чейин созулду. Иш-чара соңку жылдары жыл сайын өтүп келет.