Аялдарга болуп жаткан зомбулук боюнча маалымат таратпоо керекпи? Бекешевдин жообу

Депутат Мирлан Самыйкожо элдин жүрөгүнүн үшүн алган кезектеги окуя тууралуу үн катты. Ал кулак-мурду кескиленген келиндин окуясынан улам аялдарга болуп жаткан зомбулук боюнча маалымат таратып жаткандарга чара көрүүнү суранды. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

«Мен Мирлан Самыйкожого кошулбайм. Себеби ачык болсо, депутаттар, соттор, президент билип, реакция кылат. Болбосо, ИИМ министри иштебейт. Анда мындай иштер бир топ эле болот. Бул иш аркылуу канча кишиге пробация колдонулганын билип алдык. Жашыра берсек, мындай иштер көп болот»,- деди Дастан Бекешев.