«Аялымдын талмасы кармаган». Ысык-Көлдө сабалды делген келиндин күйөөсү үн катты

«Аялымдын талмасы кармаган»,- дейт Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы «Радуга» эс алуу борборунун аймагында болгон окуя тууралуу келиндин күйөөсү журналисттерге маалымат берип жатып. 

 Буга чейин окуянын күбөсү келинди күйөөсү балдарынын көзүнчө ур-токмокко алганын билдирген. Ал эми милиция келин арыз жазуудан баш тартканын айткан