Аяз атага кат жазып, көпчүлүктү ыйлаткан караколдук Бакдөөлөттүн кыялы орундалды

Буга чейин Караколдогу 3-класстын окуучусу Бакдөөлөттүн аяз атага жазган каты көпчүлүктүн көзүнө жаш алдырган. Ал катында өзүнө аяз атадан музыкалык инструмент сурап, ал эми эки бөбөгүнө боёк жана пластилин суранган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын апасы уулунун кыялдары ишке ашканын билдирди. «Мен уулумдун каты ушунча көңүлдү бурдурат деп ойлогон эмесмин. Бир чети сүйүнүп, Кудайга шүгүр келтирип, бир чети намыстанып турам. Жашообузду Кудайга шүгүр дейм, көзүм көрөт, бутум басат. Бизден да кыйналып жаткандар бар. Каты соцтармакка чыккан соң, көпчүлүк кайрылып, финансылык жардам бергендер да болду. Баарына ырахмат. Үйдө учурда 3 ооз комуз, комуз, аккордеон турат. Ооз комузду Каракол шаарынын мэриясы берсе, экөөнү Бишкектен салып жиберишиптир. Ал эми комузду да Бишкектен салып жиберишти. Билим берүү тармагы уулдарыма ар түрдүү китеп, боёкторду, сумка, шахмат, таттуларды беришти. Мен уулумдун кыялы орундалганына абдан кубанып турам. Соцкызматкерлер келип 2 неберемди реабилитациялык борборго жөнөтүүнү убадалашты, азыр документ топтоп жүрөм. Ал эми почта кызматкерлери аккордеон беришти. Мен чындыгында ушундай болуп кетет деп, почтада 100 баланын катынын арасынан уулумдун каты көпчүлүктүн көңүлүн бурдурарын да ойлогон эмесмин. Дагы бир жолу элиме ыраазычылык билдирем. Уулум Бакдөөлөттүн кубанычында чек жок «, — деди апасы.