«Азия Молл» соода борборундагы эвакуация. Жеке ишкер унаасынын астынан граната табылганын билдирди

Жеке ишкер Илгиз Шаменов журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын билдирди.

«Азия Моллдогу» супермаркетке кирели деп унааны ал жактагы унаа жуучу жайга киргизгенбиз. Жууп атканда алдынан зым салаңдап калганын көрүшүптүр. Эмне зым деп айдоочумду жиберсем алдында граната бар экен. Ошол замат милиция чакырттык. Башка эч нерсе дей албайм»,- деди ал.

Окуя боюнча милиция маалымат бере элек. Буга чейин милиция Бишкектеги «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.