«Азия Молл» соода борборундагы эвакуация. Милиция маалымат таратты

Милиция бүгүн, 11-августта “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылганын билдирди. Бул тууралуу маалыматты Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факт Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Аталган буюмдун тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн зарыл экспертизалар дайындалган. Учурда ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин жеке ишкер Илгиз Шаменов журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын билдирген.