Азиз Мурадиллаевдин абалы начарлап, тез арада башка өлкөгө учканы жатат

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы кайрадан начарлап кеткенине байланыштуу тез арада башка өлкөгө учуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.

«Күтүүгө убакыт жокко эсе. Ошондуктан Азиздин абалы кайра начарлап кеткендиктен, үй-бүлө кечээ башка өлкөгө учуп кетүүнү чечишти. Эгерде бүгүн алар органдардын толук дал келерин тастыкташса, анда эртең же бүрсүгүнү учушат», — деп жазды ал.

3-декабрда актёрдун реанимацияга түшүп калганы маалым болгон. Боорду алмаштыруу үчүн операцияга акча чогулта башталып, Садыр Жапаров ага 42 миң доллар берген. 5-декабрда донор изделип жатканы айтылган