Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-декабрда өтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-декабрда саат 10:30да өзү өмүрүн арнаган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмай болду.

17-декабрда Азиз Мурадиллаев узакка созулган оорудан улам 44 жашында дүйнөдөн өттү. Ал 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы актер Үсөн Мурадиллаев, апасы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондуктан, Азиз Мурадиллаев да ата-энесинин жолун жолдоп, 1994-жылы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Окуусун 1997-жылы ийгиликтүү аяктары менен ошол эле жылы Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырган. 2001-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап келип, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.