Азиз Мурадиллаевдин апасы: «Калайык-калкыма башымды ийип, таазим кылам. Баарыңарга ырахмат»

Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бүгүнкү абалы, ага чогултулган каражат боюнча маалымат жыйын өттү.

Жыйынга катышкан Азиз Мурадиллаевдин апасы Анара Сыдыгалиева президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Эч кимиңердин балаңар оорубасын. Мышыктын баласына да жамандык каалабайм. Баарыңарга ырахмат айтам. Калайык-калкыма башымды ийип, таазим кылам. Кыргыз болуп төрөлгөнүмө суктанам, элге баш ийем. Аман болуңуздар», — деди ал.