Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бүгүнкү абалы, ага чогултулган каражат боюнча маалымат жыйын өттү.
Ассоль Молдокматованын айтымында, акча чогултуу токтоду. Ал эми акча чогултулуп баштагандан бир нече сааттан кийин ал президентке кайрылганын, 40 мүнөттөн кийин акча алып келип беришкенин айтты. «Биз акча чогултууну токтоткондо 1 миллионго жакын акча чогулган. Түнү менен көп бөлүшүүлөр болуп, 1,5 миллион 65 миң сом болду. 1,5 миллион сомду апасынын колуна тапшырабыз», — деди ал.
Коллегиялык чечим менен 65 миң сомду Жамиля аттуу жүлүнүн алмаштыруу операциясына муктаж болуп жаткан кыздын апасына тапшырышты.