«Баарыбыз кача берсек, мекенди ким коргойт?» Баткенде каза болгон Нурбек Баратовду апасы эскерди

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 19 жаштагы аскер Нурбек Баратов көз жумган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын апасы баласын эскерди.

«Уулум абдан намыстуу, ак көңүл жигит болчу. Кетип жатканда да «апа, көп кайгырбаңыз» деди. Өз каалоосу менен аскерге кеткен. «Баарыбыз кача берсек, биздин мекенди ким коргойт?» дечү. Анын үй-бүлөдө жалгыз уул экенин айтышып, аскерге барба дешсе да болбой койгон. «Баары жакшы, баары ойдогудай» деп турчу. 3 бир туугандын улуусу жана жалгыз уул болчу. Ок көзүнө тийиптир дешти, мен көрө алган жокмун», — дейт сыздаган эне.

Нурбек Баратов 2003-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Кулунду тозотунда көзүнө ок тийип көз жумган. Ушул жылдын апрель айында контракттык түрдө кызмат өтөөгө кеткен Үйлөнгөн эмес. Үй-бүлөдө 3 бир тууган болчу. 2 карындашы калды.