«Баарыбыз күнөөлүүбүз». Бишкектеги окуучу кыздын өлүмү боюнча министр суроого жооп берди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Бишкектеги №31 мектепте болгон окуяны көтөрдү.

«Окуучу кыздын арты кайырлуу болсун. Ата-энесине сабыр берсин. Буга ким күнөөлүү?»,— деди депутат.

«Бүгүнкү күнү ИИМ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат»,- деди министр.

«Териштирүү жүрүп жатканы башка маселе. Ушул жагдайга ким күнөөлүү? Мугалимби, ата-энеби же коомчулукпу?»,- деди депутат.

«Баарыбыз күнөөлүүбүз»,- деди министр.