Бабанов Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы байкоолору менен бөлүштү

Жеке ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасында, президент Садыр Жапаров менен Алтайга болгон сапарындагы айрым байкоолору менен бөлүштү.

«Аны иш үстүндө көрүү мүмкүнчүлүгү өтө сейрек кездешет, ал эми бул сапар мен үчүн көп жаңы нерселерди ачты. Албетте, лыжа кийген сүрөттөр жалаң эс алуу сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок жанында болгондуктан, чындыгында бул көп иш экендигин айта алам.

Президент «Миң жүрөк» (Манжерок) тоо-лыжа курортунун бардык тарабын кылдат карап жатты. Канат жолдорунун дизайны менен курулушунан баштап, мейманканалардын, ресторандардын жана балдар аянтчаларынын функционалдуулугуна чейин тынбай текшерип жатты. Ал баарын сүрөткө жана видеого тартып жатты. Айтор, долбоорлордон баштап сатууга чейинки бардык учурларын карап чыкты.

Эмне үчүн? Кыргызстанда, Жыргалаң, Ак Булак жана Бозучук тоолорун бириктирген тоо-лыжа курортунда жөн гана жакшы эмес, кооз «Миң жүрөк» сыяктуу андан да жакшы болсун деген максаты үчүн. Алтай тажрыйбасы жаратылыш потенциалын кантип натыйжалуу пайдаланууга болорун, заманбап технологияларды жана дизайнды табит менен киргизүүнү, туристтер үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүнү көрсөтүп турат.

Дүйнөдөгү эң мыкты тоо-лыжа курортторунун бирин куруп, өз тажрыйбасы менен ачык бөлүшкөн кабыл алуучу тарапка ыраазычылык билдирем. Алынган тажрыйба Кыргыз «Куршавелинин» мурдагыдан да терең каралып, ийгиликтүү болушуна жардам берээрине ишенем. Бул долбоор жөн гана эс алуу эмес. Бул ден-соолукка, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым»,- деп жазды ал.