Бахтияр Шакировдун өлүмү. Медайым ал гайморитке каршы антибиотик сайдырганын айтты

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза тапкан Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар айтылды.

Ошол күнү тамчылатма дары сайган медайым Бахтияр Шакиров гаймориттен улам антибиотик алганын айтат. Бул тууралуу Кактус сайты жазып чыкты. Медайымдын айтымында, ошол күнү Шакиров борборго иш убактысы бүткөндө чалып, укол алышы керектигин, башка медициналык мекемелер жабылып калганын айткан. Маркум 1-апрелге караган түнү өзү менен кошо антибиотик алып келген. Буга чейин ал каражатты кабыл алып жүргөндүгүн айткан. Тамчылатма дарыга антибиотикти кошкондо бейтаптын абалы кескин начарлап, жандандыруу бөлүмүндөгү аракеттерге карабай ал каза тапкан. Медайым Бахтияр Шакиров антибиотик гана алганын, ковидге каршы вакцина албаганын билдирген.