Баткен облусунун башчысы Тажик тарапты кырдаалды курчутпоого чакырды

Мамлекеттик чек аранын сызыгын аныктоо маселеси өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын милдети болуп саналат жана ал гана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы узакка созулган аймактык талашка чекит коё алат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Ал белгилегендей, эки республиканын Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин милдети чек арадагы чыр-чатактарды жана алардын курчушуна жол бербөө, ошондой эле чек арага жакын аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоо. Абдикарим Алимбаев чек ара сызыгын аныктоодогу талаш-тартыштарды аскердик аракеттер менен чечүү мүмкүн эместигин баса белгилейт.

«Бизге конструктивдүү жана тынч диалог керек, анткени чек ара аймактарында жашаган элдин өмүрү, алардын келечеги жана балдардын, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын келечеги коркунучта. Мен тажик тарапты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы мыйзамдуу түрдө жол-жоболоштурулганга чейин чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам. Мен бардык күч-аракетти чек арада тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого жана элдерибиздин ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого багыттоону сунуштайм», — деп жазды ал. 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн комментарийи «Азия-Плюс» сайтында Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын Ош-Исфана унаа жолу Тажикстандын аймагы аркылуу өтөрүн жазып чыккандан кийин жарыяланды.