«Бакма кыз болгондуктан өзүмдү ашыкча сезем. Жакшы тарбия беришкени менен көп таяк жедим». 28 жаштагы келиндин тагдыры

Жакында эгиз кыздарымды жарыкка алып келем. Күйөөм мени “чаарала”, “тиши жок кемпир” деп басынтчу. Бакма кыз болгондуктан өзүмдү ашыкча сезем. Жаман дебейм, жакшы тарбия беришкени менен көп таяк жедим. Мындай аянычтуу тагдырын 28 жаштагы Назгүл Ахматова айтып берди.

Назгүл Ахматова 3 кыздын энеси, учурда кош бойлуу. Ал эгиз кыздарын жарыкка алып келем деп камданып жаткан чагы. Ал турмушка 18 жашында чыгып, кыздуу болушкан. Бирок кайын-журту менен болгон пикир келишпестиктен эки жолго түшүшкөн. Экинчи жолу кызы үчүн турмушка чыгып, күйөөсү тарабынан ур-соккуга, басмырлоого туш болгон. Анын айтымында ал ур-токмоктон тажаган.

«Мен бакма кызмын. Мени 6-7 айлык кезимде багып алышса керек. Өзүмдү ошол үчүн ашыкча сезем. Бирок мен аларды жаман дебейм. Кичинекей кезимде көп уруш, таяк жедим. Мага жакшы тарбия беришкени менен көп таяк жедим. Эч нерседен кем кылышкан жок. Таяк жегенден абдан тажадым. Кээде ошонун айынан үйдөн качып кетчүмүн»,- дейт ал.