Бактыгүл Шамшидинова Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды

Шамшидинова Бактыгүл Сабыржановна Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору» мекемесинин аталышы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү.