Бакыт Төрөбаев жол курууга 84 жаңы техника тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 жаңы атайын техниканы тапшыруу аземине катышты. Ал мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди.

“Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт”, — деди ал.

Кыргызстандын жол тармагына 669 техника сатып алынат. Анын ичинен бүгүн алгачкы 84 даана техника алып келинди, жакынкы убакытта дагы калган техникалар алынып келинет. Алып келинген техникалар заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка техникалардан турат.