Бакыт Төрөбаев: «Өзүбүздө өндүрүлгөн жумуртка менен калкыбызды 100% камсыз кылуу боюнча иштер аткарылат»

Бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков менен Аламүдүн районунун Садовое айылындагы канаттуулар фабрикасынын иши менен таанышып чыгышты.
Иш сапардын алкагында тармакта колдонуучу жаңы технологиялар, эт жана жумуртка багытындагы тоокторду өстүрүүдө укуктук, каржылык жардам берүү жолдору талкууланды.
«Президентибиздин тапшырмасына ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан кырдаалды турукташтыруунун алкагында бакма тоок фермаларын заманбап шарттардын негизинде өнүктүрүү, мамлекет тараптан жеңилдетилген насыяларды берүү менен тармакка ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт. Анын негизинде өзүбүздө өндүрүлгөн жумуртка менен калкыбызды 100% камсыз кылуу, бул багытта аткезчиликти токтотуп, ички рынокту коргоо боюнча тиешелүү жумуштар аткарылат», — деп жазылат маалыматта.
Тармакты өнүктүрүүдө өлкөдө бир нече ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү долбоорлорун каржылаган Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тажрыйбасы дагы пайдаланылат.