Бала бакчада чарчап калган Алиянын таенеси: «Күнүгө түшүмө кирчү, издеп жатып эле ойгонуп кетем»

Сокулуктагы «Алтын балалык» бала бакчасында 22-октябрда беш жашар Алия чарчап калган. Соттук-медициналык экспертиза Алия бала бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап, чарчап калган деген жыйынтык чыгарганын айтып SEREPTV’га кыздын апасынын мыйзамдуу өкүлүмүн деген таенеси маек берип, буларды айтып берди.

«Тергөө жүрбөгөнүн, иш жылбай жатканын көтөрүш мага оор болуп жатат. 3 жаштык неберем дагы жөн жерден эле ооруп калды. Дарыгерлерге көрсөтсөм, «баарын түшүнүп жатат, жакшылап караңыз, көңүл буруш керек, дарылаш керек» дешти. 

Алия бала бакчага 10 күндө көндү. Жоолук салынганды жакшы көрчү, тарбиячылары салдырбай койду. Мен да түшүндүрсөм «макул, кийин салынам» деп мага макул болгон. Бийге берип жүрдүм», — деди таенеси.

«Күнүгө менин түшүмө кирип жатты. Кыркы болгондо мени менен коштошту окшойт. Кучактасам, ал да кучактап, өптү. Ошол бойдон түшүмө кирген жок. Азыр кызымды издеп жатып эле ойгонуп кетем», — деди ыйлаган таене.